​УКМК финпол башкармалыгынын башчысын кармады

  • 3 года мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү кызматынын (финпол) башкармалыгынын башчысы А. Т. Р. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган адам мыйзамсыз баюу боюнча шектелүүдө.

Ал эми аталган кызматтын башчысы Айбек Токоев экени белгилүү. Айбек Токоев Бишкек шаарында жана Ошто өзүнө жана туугандарына бир катар кыймылсыз мүлктү каттагандыгы белгилүү болгон.

Ошондой эле Айбек Токоев Ош шаарында көп кабатттуу батир, ресторан, дүкөн жана май куюучу станцияларга каражат салган.

Болжолдуу аныктоо баасы боюнча ага байланыштуу кыймылдуу мүлктүн жана финансылык активдин жалпы көлөмү 4 миллион доллардан аша турганы маалымдалган. Бул анын легалдуу кирешесине дал келбейт.

18-январда Айбек Токоев УКМКнын убактылуу кармоо жайныа камалган жана сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты