COVID-19: 69 учуру аныкталды. Үч киши каза болду
- 4 года мурун
18-январга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 69 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек – 28;
Ош – 7;
Чүй облусу – 11;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 19;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 0.
Коронавирустан өткөн суткада 110 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 79104 киши болду.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 83 178 кишиге жетти.
Өткөн суткада COVID-19 дан 3 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1387 кишиге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү