​Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн акча азайганы чын. Фактчекинг

Facebook баракчасынын колдонуучусу бюджетти бөлүштүрүү жөнүндө маалымат менен бөлүшкөн. Ага ылайык Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн акча былтыркыга салыштырмалуу 2млрд 100млн сомго, ал эми Билим берүү министрлигинин бюджети 1млрд 600млн сомго кыскарган. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты тактап көрдү.

10-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылдын бюджетин жана 2022-жылга болгон болжолдуу бюджетти үчүнчү окуудан бекитишкен.

Билим берүү министрлигине былтыркыдан көбүрөөк акча бөлүнгөн

Финансы министрлигинин билдирүүсү боюнча 2020-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына жана ведомстволук мекемелерине республикалык бюджеттен 27млн 218миң 541,8 сом бөлүнсө, 2021-жылга карата 27млн 575миң 370,8 сом бөлүнөрү каралган.

Натыйжада Билим берүү министрлигине бөлүнгөн акча былтыркыга карганда 356миң 829 сомго көп.

Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн акча мурунку жылдан 1,6 млрд сомго аз

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине 2020-жылы 4,1 млрд сом каралып, азыркы тапта 3,2 млрд сом толук бөлүнгөн. Бул жалпы бөлүнгөн акчанын 77,6%ын түзөт. Ал эми калган акчалар жарыяланган тендерлерге бөлүнгөнүн жана тендерлер жыйынтыктаса акчаларды бөлүштүрүү толугу менен аткарыларын Финансы министринин маалымат катчысы билдирди. Саламаттыкты сактоо министрлигине 2020-жылдагы Covid-19 пандемиясына байланыштуу бюджеттен улам акча бөлүнүп турган

Ал эми 2021-жылга карата 2,5 млрд бөлүнөрү каралган.

Жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн акча былтыркыга салыштырмалуу 1,6 млрд.га кыскарган.

Президенттик аппаратка бөлүнгөн акчанын суммасы көбөйгөн

Президенттик аппаратка 2020-жылы 99,1 млн бөлүнүп, анын 85млн айлык акыга жумшалган.

Быйылкы жылга Президенттик аппаратка бөлүнчү акча 115,4 млн, анын 73,8 млн айлык-акыга жумшалат.

Демек, Президенттик аппаратка быйылкы бөлүнгөн акча былтыркыдан 16,3 млн.го көп.

Жыйынтык: Автор жазган маалымат так эмес. Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн акча кыскарганы чындык. Ал эми Билим берүү министрлигине акча тескерисинче быйыл көбүрөөк бөлүнгөн. Президенттик аппаратка бөлүнгөн акча 600млн эмес 16,3 млн.го көбөйгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты