Фейсбук Кыргызстандагы фейк-аккаунттарды жапты

  • 3 года мурун

Фейсбук дүйнө жүзү боюнча 1957 аккаунтту, 156 баракчаны, 727 топту жана Инстаграммдагы 707 аккаунтту өчүргөн. Анын ичинде Кыргызстандагы фейк-аккаунттарды да жапты.

Бул тууралуу Фейсбук компаниясы отчетунда билдирди.

Кыргызстанда катталган жана ички аудиторияга багытталган Фейсбуктагы 193 катталууну, 24 баракчаны, 50 топту жана Инстаграммдагы 30 катталууну өчүрдү. Булар Кыргызстандагы адамдар менен, медиа-консалтинг тармагында тажрыйбасы барлар менен байланыштуу болгон

Ошондой эле Фейсбуктагы 92 аккаунт, Инстаграммдагы 11 топ жана 30 аккаунт өчүрүлгөн. Булар биринчи кезекте саясий партиялардын жана жаңылык боюнча популярдуу баракчаларды комментарийлөөгө басым жасаган. Ал аккаунттардын жазылуучулары дээрлик жокко эсе эле. ЖМКда жана өкмөттө иштөө тажрыйбасы бар адамдарга жана Media Center медиакомпаниясына тиешелүү болгон.

Кыргызстандагы 2020-жылдагы парламенттик жана 2021-жылдагы кезексиз президенттик шайлоолордун айланасына топтолгон, саясий дебаттардын бир канча тараптарына ойногон Фейсбуктагы 121 катталуу, 46 баракча, жети топ жана Инстаграммдагы 41 баракча өчүрүлгөнү маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты