Рахат Сулайманов “5-каналга” баш директор болуп дайындалды
- 4 года мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулайманов мамлекеттик “Бешинчи каналдын” баш директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу аталган канал кызматкерлери кечээ, 12-январда, билдирди.
Мамлекеттик мүлк фонду Эрнис Кыязовду каналдын башкы директорлугунан бошотуп, ордуна Рахат Сулаймановду дайындашканы маалым болду.
Рахмат Сулайманов УКМКга иштөөгө чейин тележурналист болуп эмгектенген.
Сүрөттө: Рахат Сулайманов. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү