​БШК: Мадумаров Сахалиндеги шайлоо участогунан 345 добуш алгандыгын көрсөткөн чек фотошоп

  • 3 года мурун

Мирбек Мунарбек уулу аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына “Сахалинден эң биринчи шайлоо жыйынтыгы чыгып баштады…. Жыйынтык эки түрлүү… Шайлоону бурмалоонун жаңы түрү чыктыбы? Кайсынысы жасалган”, — деген билдирүү менен бирге эки башка шайлоо чегинин сүрөтүн жарыялаган.

Ал эми Кылычбек Шанаев аттуу Фейсбук колдонуучу, баракчасына “Сахалин №9013 шайлоо участкасындагы жыйынтык 2 чек, эки башка жыйынтык. Бурмалап жасап башташкан жокпу? Кимдики туура экенин кайдан билсек болот?” деген билдирүү калтырган.


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул эки башка чек тууралуу маалыматы бар экендигин, президенттикке талапкер Садыр Жапаров 345 добуш алгандагын көрсөткөн чек түпнускасы (Фотошоп эмес) экендигин билдирди.

Эки чектин бирөөсү фотошоп. Биздин адистер Сахалиндеги шайлоо участогунун комиссия менен байланышканда, Садыр Жапаров 345 добуш алганын көрсөткөн чек туура. Ал эми экинчи, Мадумаров 345 добуш алгандыгын көрсөткөн чек фотошоп экендиги маалым болду”, — деп билдирди Абдыжапаров.

Абдыжапар Бекматов эки чекти кылдаттык менен караса Мадумаровдун 345 добуш алгандыгын көрсөткөн чек жасалма экендиги байкаса болоорун айтат.

Эки чекти жакшылап салыштырсаңар, бир цифрасы да, төрт цифрасы башкачараак болуп калган. Негизи автоматтык түрдө эсептеген урнанын жыйынтыгы алдын ала берилген жыйынтык болуп эсептелет. Добуштардын колго саналган эсебинин протоколун бизге эми жиберишет”, — дейт Бекматов.

Тактай кетсек, Орусия Федерациясындагы Түштүк-Сахалин шаарында ачылган №9015 шайлоо участогунун алгачкы жыйынтыктары чыккан. Ал маалыматка ылайык, шайлоого 851 катталган шайлоочулардын арасынан 459 адам катышкан. Катышкандардын арасынан бир бюллетень жараксыз деп табылганы маалымдалат.

Бул маалыматка ылайык, 345 добуш менен Садыр Жапаров биринчи орунда болсо, жүз добуш менен Адахан Мадумаров экинчи, үч добуш менен Арстанбек Мыктыбек үчүнчү орунду ээлешкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты