​Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыга баштады

  • 3 года мурун

Социалдык тармактарда Орусия Федерациясындагы Түштүк-Сахалин шаарында ачылган шайлоо участогунун алгачкы жыйынтыктары чыкты. Ал маалыматка ылайык, шайлоого 851 катталган шайлоочулардын арасынан 459 адам катышкан. Катышкандардын арасынан бир бюллетень жараксыз деп табылганы маалымдалат.

Бул маалыматка ылайык, 345 добуш менен Садыр Жапаров биринчи орунда болсо, жүз добуш менен Адахан Мадумаров экинчи, үч добуш менен Арстанбек Мыктыбек үчүнчү орунду ээлешкен.

Эске сала кетсек, Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Референдумду өткөрүү үчүн БШК 2474 шайлоо участогун, анын ичинен 48 шайлоо участогу чет өлкөдө ачкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты