Автоматтык саноочу урналар иштебей калып жатат
- 4 года мурун
Шайлоо участкаларында автоматтык саноочу урналар иштебей калып жаткандыгы маалымдаууда.
Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун № 1059 участкасында автоматтык эки урна иштебей калып, аны кадимки урналарга алмаштырышты. №1046 участкасында да автоматтык урналар иштебей калгандыгын биздин кабарчылар маалымдашты. Жалдагы №7235 участкасында да автоматтык урналар иштебей калды.
БШК өкүлдүрү автоматтык саноочу урналарлын иштебей калышы адамдык факторго байланыштуу экендигин билдирүүдө.
Өлкөдө, бүгүн, 10-январда, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу системасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.
Муну бөлүшүү