​ЭлТР «Азаттыктын» телепрограммасын көрсөтүү келишимин бир тараптуу токтотту

  • 3 года мурун

ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы «Азаттык» радиосунун телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу токтотту. Мунун себебин компаниянын башкы директору Эрлан Догдурбеков төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Биз 2021-жылга өзүбүздүн пакетибизди жаңылап, жаңы программаларды киргизип жатабыз. Эң негизгиси – прайм-таймга өзүбүздүн жаңы котормолорду киргизип жатканбыз. Азыр эл котормого жакшы басым жасап жатат. Эл «сиздердин көрсөтүүлөрдү көрүп жатабыз. Бирок өтө кеч болууда» деп айтып жатат. Бизге котормолорго ошол прайм-тайм убакыт керек болду. Негизинен 2021-жылы биз контентти, программаларыбызды жаңылап жатабыз. Ошондуктан азырынча токтотуп коюуга туура келип жатат. «Азаттык» менен аябай жакшы иштештик. Жетекчилигине, кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз».

Догдурбековдун айтымында, «Азаттык» менен лицензиялык келишим компаниянын көркөм кеңешинин сунушунун негизинде токтотулуп жатат. Кеңеш мындай сунушту жаңы жылга чейин берген. Ага ылайык «Азаттык» менен түзүлгөн келишимди токтотуу жөнүндө чечим 5-февралдан тартып күчүнө кирет. Догдурбеков келишимге кол койгон эки тарап тең аны токтотуу тууралуу бир ай мурда кабардар кылууга укуктуу экенин белгиледи.

ЭлТРдин көркөм кеңеши 2020-жылдын ноябрь айында түзүлгөн, ага компаниянын кызматкерлери кирген.

ЭлТР телеканалы буга чейин «Азаттык» радиосунун 2020-жылдын август, сентябрь жана декабрь айларындагы шайлоо, коронавирус курмандыктары, саясаттагы (социалдык тармактар аркылуу таратылган) фейктер жана Кыргызстандын Кытайга карызы тууралуу беш телеберүүсүн эфирге чыгаруудан баш тартып, аларда маалымат бир жактуу берилгенин жүйө кылган. «Азаттык» ЭлТРдин бул жүйөсүнө макул эмес экенин, телепрограммаларды даярдоодо бейтараптык эрежелери бекем сакталарын учурунда билдирген.

«Азаттык» радиосунун жарым сааттык «Ыңгайсыз суроолор», «Эксперттер талдайт», «Биз жана дүйнө», «Данисте», «Азаттык Плюс», «Каректе Евразия» телепрограммалары келишимдик негизде иш күндөрү кечкисин ЭлТР каналында 2016-жылдан бери көрсөтүлөт.

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты