​Шайлоо бюллетенинен Рашид Тагаевдин аты-жөнү чийилет

  • 3 года мурун

Президенттикке талапкер Рашид Тагаевдин аты-жөнү шайлоо бюллетенинен чийилет.

Шайлоо бюллетени басылып жаткан учурда Рашид Тагаев Президенттиктен баш тарткан. Ал эми шайлоо бюллетенине ат салышып жаткан 18 талапкердин аты-жөнү киргизилип басылып, аймактарга таратылып кеткен. Эми БШК шайлоо бюллетендеринен Рашид Тагаевдин аты-жөнүн кол менен чийип чыгарын ЖМКга билдирди.

Талапкер Тагаев бюллтенеде алтынчы номурда эле. Шайлоо бюллетенинин катар номурлары төмөнкүдөй болчу:

1. Садыр Жапаров

2. Канат Исаев

3. Мыктыбек Арстанбек

4. Клара Сооронкулова

5. Икрамидин Ташов

6. Рашид Тагаев-талапкерликтен баш тартты.

7. Абдил Сегизбаев

8. Адахан Мадумаров

9. Аймен Касенов

10. Улукбек Кочкоров

11. Жеңишбек Байгуттиев

12. Эльдар Абакиров

13. Курсан Асанов

14. Арстанбек Абдылдаев

15. Равшан Жээнбеков

16. Бакыт Калмаматов

17. Бабыржан Төлбаев

18. Каныбек Иманалиев.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага эми 17 талапкер ат салышууда.

Сүрөттө: Рашид Тагаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты