​Президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн чет элдик 92 журналист аккредитациядан өттү

  • 3 года мурун

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын 92 өкүлү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде аккредитациядан өттү.

30-декабрга карата ТИМ төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрдү: Россия – 33, Япония – 5, Улуу Британия – 14, АКШ – 1, Франция – 5, Катар – 4, Германия – 19, Украина – 1, Тажикстан – 2, Беларусь – 4, Азербайжан – 4 ЖМК өкүлүн.ь

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты