БШКда call-борбор иштей баштады
- 4 года мурун
Борбордук шайло комиссиясында 1255 кыска номеринде call-борборунун ишеним телефону иштейт. Жарандар өлкө Президентин кезексиз шайлоодо добуш берүү жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга байланышкан маселелер боюнча жоопторду, консультация ала алышат.
БШКнын колл-борборунун ачылышынын максаты — жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү жана добуш берүүгө катышуу эрежелери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле шайлоого жана референдумга катышуусун активдештирүү болуп саналат.
Жарандарга жоопторду БШК адистери берет. Ошондой эле колл-борбор ишине мүмкүнчүлүгү чектелген адистер, аялдар жана жаштар тартылган.
Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү