Сурабалдиева бачабаздардын маалымат базасын түзүүнү сунуштады

  • 3 года мурун

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жашы жете электерди зордуктагандардын тек жайы, сүрөтү топтолгон маалымат базасын түзүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Ушундай карта бизге да керек. Ар бир ата-эненин, жалпы эл-журтубуздун назарына чыгарбасак болбой калды. 13 жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде, айылдаштары тескерисинче ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурга баарыбыз күбө болдук» деп жазды Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр педофилдер жөнүндө маалыматтарды ачык жарыялаган тажрыйба Казакстанда бар экенин мисалга тартты. Ошондой эле Сурабалдиева ата-энелерге, балдарга чоочундар менен сүйлөшпөөнү үйрөтүү зарылдыгын белгиледи.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, өткөн жылы тогуз айда «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш «Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү» беренеси менен катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты