Референдумда үгүт жүргүзүүчү 15 топ катталды

  • 4 года мурун

2021-жылдын 2-январына карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январына дайындалган башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга коюлган маселелерге «макул», «каршы», «бардык варианттарга каршы» 15 үгүт тобун каттады.

Анын ичинен:

— президенттик республикага «макул» – 8 үгүт тобу;

— президенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;

— парламенттик республикага «макул» – 3 үгүт тобу;

— парламенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;

— бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу.

2020-жылдын 28-декабрынан тартып – «КТРК» менен «ЭлТР» МТРКда референдумга коюлган маселелерге «макул», «каршы», «бардык варианттарга каршы» үгүт топторунун дебаттары жана жекече чыгып сүйлөөлөрү өткөрүлүүдө.

Мурда борбордук комиссиясы катталган үгүт топторунун ортосунда теледебат өткөрүү үчүн акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөргөн.

Чүчүкулактын негизинде бөлүштүрүлгөн обо убактысына ылайык «КТРК» телеканалында үгүт топторунун кезектеги дебаттары 2021-жылдын 4-5-январында өткөрүлөт, обо убактысы – саат 20:00дөн 22:00гө чейин.

«ЭлТРда» үгүт топторунун дебаттары 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) өткөрүлөт, обо убактысы – саат 19:00дөн 20:30га чейин.

«ЭлТРда» үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 4-5-январына каралган, обо убактысы – саат 22:05тен 23:30га чейин.

«КТРК» телеканалында үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) каралган, обо убактысы – саат 22:30дан 23:30га чейин.

Дебаттардын жана чыгып сүйлөөлөрдүн графиги тууралуу төмөнкү шилтеме боюнча кененирээк маалымат аласыз

Башкаруу формасын анытоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты