​Баткен ИИБ убактылуу кармоо жайынан баңгизатка буюртма берген факты аныкталды

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлигинин бөлүмүнө 30-35 жаштардагы, Баткендеги ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан жаран Токтогул районундагы жаранга ири өлчөмдөгү баңгизатка буюртма бергендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы 2-январда маалымдады.

Аталган факты кылмыш жана жаза бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси менен катталган.

Бул фактыга 32 жаштагы Баткен ИИБинин убактылуу кармоочу жайында жаткан жарандын тиешеси бардыгы такталган. Ал Жалал-Абаддагы психиатриялык ооруканада мажбурлап дарыланып жаткан кишиге баңгизатка буюртма бергендиги аныкталган.

Токтогул районунан ал окуяга тиешеси бар киши аныкталган жана андан апийимдин жытына окшогон зат табылган.

Бул факты ИИМ тиешелүү кызматы тарабынан иликтенип жатат.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты