Сегизбаев Жапаровго тогуз суроо узатты. «Эгер эркек болсоң, бетме-бет сүйлөшөлү»

  • 4 года мурун

Президентикке талапкерлер Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаев 30-декабрда КТРКдан дебатка чыгышты. Дебаттын акырында талапкер Абдил Сегизбаев талапкер Садыр Жапаровго «дебаттан качып жүргөн талапкер» деп кайрылып, ага тогуз суроо узатты.

-Максим Бакиев, Жаныш Бакиев менен бүгүнкү күндө эч кандай мамилем жок деп жүрөсүң. Мына, топтолгон сүрөттөр. (Сүрөттү көрсөтөт) Бул жерде Жаныш Бакиев тоюна эң жакын жүз адамды чогулткан. Ошол адамдын арасында сен жүрөсүң. Сен кылмышкерсиңби же мен кылмышкерминби?

Биринчи суроом: 400 миң долларды “Инвестбанк Ысык-Көлдөн 2001-жылы алдың беле, төктүң беле?

Экинчиси: “Инвестбанк “Ысык -Көлдү” учурунда бир тууганыңды алып барып басып алдың беле? Ошол банк аркылуу 5 млрд долларды Максим Бакиевге жууп бердиң беле?

Үчүнчү суроо: “Жыргалаң” шахтаны ит бекер алып, талкалап туруп, Кытайга өткөрүп бердиң беле?

Төртүнчү суроо: Киевский-74, мародерлордун колунан 500 миң долларга сатып алдың беле?

Бешинчи суроо: “Кумтөрдү” 30 апрель, 2009-жылы сатканга демөөрчү, колдоочу болуп жүрдүң беле?

Алтынчы: “Жетим-Тоону” 2009-жылы Максим Бакиев менен бирге өткөрүп бердиңер беле? Эмне үчүн ал жөнүндө унчуккан жоксуң?

Жетинчи: 2005 жана 2010-жылы 60 өлтүрүү болуп жатканда эмне үчүн Курманбек Бакиевдин жанында жүрүп, тымпыйып унчукпай отурдуң?

Сегизинчи: Эмне үчүн Максим Бакиев Кыргызстандан 3 млрд долларды алып чыгып кеткенде Кыргызстанда эң негизги адам, коррупция боюнча комиссар болуп, унчукпай отурдуң?

Тогузунчу: Шайлоо кампанияга миллион долларды кайдан алдың, кимден алдың?

Мына, ушул суроолорго жооп берчи? Эгерде эркек болсоң, бетме-бет сүйлөшөлү, качпагын. Болгон чындыкты бири-бирибизге айтышалы. Эгерде мен күнөөлүү болсом, мени кылмышкер дегиле, эгер сиз күнөөлүү болсоңуз, кыргыз элинин алдына чөгөлөп, кечирим сурагыла.

Силердин режимиңердин курмандыктары, Ата-Бейитте жатат. Ошол режимди кайтарууга мен жол бербейм. Биз, кыргыз эли бардыгын көргөнбүз, түшүнгөнбүз, мындайга жол жок. Аракетиңерди токтоткула, деди Сегизбаев.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Сүрөт: Теледебат учурундагы видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты