​КТРКнын башкы директорлугуна Бактияр Алиев шайланды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 30-декабрда, Кыргыз теле-радио комитетинин байкоочу кеңеши тарабынан башкы директорлук кызматка Бактияр Алиев шайланды.

КТРКнын башкы директорлугуна 15 талапкер ат салышты. Алар: Сураган Босумбаев, Сталбек Дүйшалиев, Замир Казакбаев, Үсөн Көлбаев, Кадыр Кошалиев, Эрнис Кыязов, Дүйшөналы Мамбетөмүров, Шайырбек Мукарамов, Ырыс Окенова, Абдыкадыр Султанбаев, Калыбек Тайтекеев, Болотбек Тиллебаев, Алим Токторов, Айбек Турдалиев.

Жашыруун добуш менен Бактияр Алиевге 15 кишинин 11и добушу берди.

Бактияр Алиев КТРКнын республикалык радио теле-борборунун директору болуп иштеген.

29-октябрда башкы директорлукка конкурс жарыяланган.

Буга чейинки башкы директор Жайнак Үсөн уулу өз арызы менен жумуштан кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты