​Жалал-Абаддагы айыл өкмөт мамлекетке 17 млн сом зыян келтирген

  • 3 года мурун

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ала-Бука районуна караштуу Кɵк-Таш айыл ɵкмɵтүндɵ жүргүзүлгɵн текшерүүнүн жыйынтыгы, мамлекетке 17 млн. 279 миң 755 сомдук зыян келтирилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тактап айтканда, аталган айыл ɵкмɵттүн кызмат адамдары ɵздɵрү, же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, айрым жеке ишкерлер менен сүйлɵшүп алып, кɵпүрɵ, жол жана башка объектилердин аткаруу актыларын жасалмалашып, атайылап ашыкча суммаларды кɵрсɵтүшкɵн.

Аталган фактылар боюнча сотко чейинки ɵндүрүш иштерин жүргүзүү жагы, Кыргыз Ɵкмɵтүнɵ караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрɵшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад областтык башкармалыгына тапшырылды. Азыркы учурда тергөө амалдары башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты