​Журналист Бейшенбек Бекешовдун сөөгү Балбай айылында жерге берилди

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист жана коомдук ишмер Бейшенбек Бекешов менен коштошууу зыйнаты өзү туулуп — өскөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылында өттү.

Сүрөттө:Бейшенбек Бекешов. Фейсбук баракчасынан алынды.

Бейшенбек Бекешов ушул жылдын 27-декабрында жүрөк дартынан мезгилсиз каза болгон. Ал 1959-жылы 2-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылында жарык дүйнөгө келген.1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине кирип, 1979-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетине которулуп, аны 1981-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Маркум менен коштошуу зыйнатында акын жана журналист, Кыргыз Республикасынын маданитяына эмгек сиңирген ишмер Кыялбек Урманбетов, журналисттер Нышанбек Кочкоров, Султан Абдрахманов, Эрнис Кыязов, Нургазы Мусаев ж.б. сүйлөштү. Коштошуу аземине келген маданият министрлигинин өкүлү, кесиптештери, туугандары Бейшенбек Бекешовдун кесипкөй, эмгекчил болгонун белгилеп, эскеришти.

Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасына зор салым кошкон. КТРК, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Сүрөт: ПолитКлиника / Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты