​COVID-19: Өлкөдө жалпы 4104 медкызматкер чалдыкты

  • 3 года мурун

27-декабрга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 191 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 48;
Ош — 5;
Чүй облусу – 78;
Ош облусу — 9;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 4;
Ысык-Көл облусу – 20;
Жалал-Абад облусу – 14;
Баткен облусу — 9.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми бир суткада стационардан 8, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4104 учур катталды, алардын ичинен 3885 медкызматкер сакайды.

Коронавирустан өткөн суткада 343 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 74820 болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 80373 жетти.

Өткөн суткада COVID-19 дан 4 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1348ге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты