70 студентке президенттик стипендия тапшырылды

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 25-декабрда, мыкты окуган 70 студентке президенттик стипендия тапшырды.

Президенттин милдетин аткаруучу аралыктан окутууга өтүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө айтып, калктын кеңири катмарын интернет жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоодогу кыйынчылыктарга токтолду.

“Бирок биз кырдаалдан чыгуунун жолун таптык. Ал эмес, кээ бир учурларда ийгиликтерге да жетиштик. Бүгүн биздин ушул жерге чогулганыбыз, сиздер Президенттик стипендиянын стипендиаты болуп отурганыңыздар бийиктиктерди багындыруу үчүн оптимизм менен бара жаткандыгыбыздан кабар берет. Бул жашоодогу маанилүү позиция болуп саналат, — деп айтты Мамытов студенттерге.

Өлкөнүн 29 жогорку окуу жайынан 70 мыкты студент ээ болду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты