Шаардык сот Текебаевдин мандатын алуу боюнча административдик соттун чечимин күчүндө калтырды

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге БШК тарабынан депутаттык мандаттын берилишин мыйзамсыз деп тапкан Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу сотко доо арыз менен кайрылган Темирлан Ормуков ЖМКга билдирди.

“Эгер Өмүрбек Текебаев үч күндүн ичинде Жогорку сотко кайрылбаса, мандатынан ажырайт” деди Ормуков.

23-ноябрда Бишкек шаарынын административдик соту Өмүрбек Текебаевди БШКнын кайтарып берген депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча Темирлан Ормуковдун доо арызын канаттандырган.

15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин соттук иштерге байланыштуу алынып салынган мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарган.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун кылмыш ишин кайра кароого жиберген. Мурдагы чечимдер жокко чыгарылган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты