​Сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыратты

  • 3 года мурун

Темирлан Ормуков Фейсбук баракчасына сот анын Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча арызын канаттандырганын билдирди.

“Текебаев мындан ары депутат эмес. Мен соттон жеңип алдым. Эми Жогорку соттун конституциялык палатасына барам, эми ал катышкан мыйзамдардын баары мыйзамсыз” деп жазды Ормуков бүгүн, 23-ноябрда.

Мындай маалыматты Өмүрбек Текебаев өзү “Азатыкка” тастыктады.

Бирок Өмүрбек Текебаев Бишкектин административдик сотундагы процесске катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалады:

«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат» деп билдирди Өмүрбек Текебаев.

15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарган.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген. Мурдагы чечимдер жокко чыгарылган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты