Мамытов: Энергетика — республикабыздын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда энергетиктерди кесиптик майрамы —менен куттуктады.

Мындан туура бир кылым мурда — 1920-жылдын 22-декабрында, Кыргызстанда алгачкы гидроэлектрстанцияларды куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бүгүнкү күнү биздин энергетикалык комплекске өлкөнүн жашоо-тиричилигин камсыз кылган ири 7 ГЭС, ири 2 ЖЭБ, Токтогул суу сактагычы, жүздөгөн подстанциялар жана жүздөгөн чакырым электр өткөрүүчү чубалгылар, жылуулук линиялары, чакан ГЭСтер жана башка энергетика объектилери кирет, ал эми 16 миңден ашуун адис алардын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кылууда.

Бул жылы энергетиктер коронавирус пандемиясы күчөгөн мезгилде медиктер сыяктуу эле саламаттык сактоо системасынын жана ар бир кыргызстандыктын жашоого зарыл болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн өздөрүнүн жумуш орундарында калып, ишти улантып жатышты.

Энергетикада бир нече олуттуу долбоорлор ишке ашырылды, бирок ошол эле учурда алдыда олуттуу чечимдерди жана жаӊыча ыкмаларды талап кылган заманбап чакырыктар турат. Алардын негизгилери жабдууларды андан ары модернизациялоо, энергия натыйжалуулугун, энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн, энергетикада долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү болуп эсептелет, -деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты