​Мунапыс менен бошотом деп абактагылардан акча алган жаран кармалды

  • 3 года мурун

Абакта отурган 33 жаштагы Санжар Салибаев аттуу жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин тууганы экенин айтып, камактагылардан мунапыс менен эркиндикке чыгарам деп акча алган.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Ал алдамчылык жол менен абактагылардан акча алган. Бүгүнкү күндө топтолгон маалыматтардын негизинде окуяны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоо каралууда» деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

УКМКнын маалыматына караганда, Салибаев «Алдамчылык», «Документтерди жасалмалоо» жана «Абактан качуу» беренелери боюнча соттолгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты