​Өзбекстандын вице-премьер-министри өлкө коронавирусту жеңгенин билдирди

  • 3 года мурун

Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Бехзод Мусаев өлкөдө коронавирус менен ооругандар дээрлик жок экенин билдирди.

«Саламаттык сактоо системасына көп акча бөлүндү жана бул сумма акыркы отуз жылда бөлүнгөндөн алда канча чоң. Бул оору үчүн зарыл болгон дары-дармектерди дүйнөнүн кайсы гана точкасы болбосун жеткиртип жаттык. Чет өлкөдөн адистер алынып келинди. Натыйжада Өзбекстанда коронавирус менен ооругандар дээрлик калган жок», –деди Мусаев.

Соңку расмий маалыматтар боюнча 19-декабрга карата, Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 75 675 кишини түздү. Алардын ичинен 73 099у айыкты, 612и өмүр менен кош айтышты.

Өзбекстанда коронавирус боюнча статистикага илдети лабораториялык түрдө тастыкталган гана бейтаптар киргизилет. Ошол эле маалда пневмония менен ооругандар бул бул тизмеде жок.

Сүрөт; habarlar.ru

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты