COVID-19: Кечээ Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облустарында көп аныкталды

  • 4 года мурун

20-декабрга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун учуру 211 катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 64;
Ош — 6;
Чүй облусу – 56;
Ош облусу — 12;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 4;
Ысык-Көл облусу – 50;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу — 6

Коронавирустан 321 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 72780 болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 79122 кишиге жетти.

Өткөн суткада COVID- 19 дан 2 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1330 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты