COVID-19: 85 бейтап өтө оор абалда

  • 4 года мурун

19-декабрга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 232 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 67;
Ош — 4;
Чүй облусу – 59;
Ош облусу — 16;
Талас облусу — 5;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 47;
Жалал-Абад облусу – 14;
Баткен облусу — 15.

Стационарда – 1694 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:

24 киши (1,4%) — канааттандыраарлык абалда;
1109 (65,4%) — орто оор абалда;
476 (28%) — оор абалда;
85 (5%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 2551 бейтап.

Коронавирустан 408 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны72 459 болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 78911 кишиге жетти.

Өткөн суткада COVID- 19 дан 4 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1328 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты