​Журналист Жаныбек Жанызак кайтыш болду

  • 4 года мурун

Оор дарттын айынан белгилүү журналист Жаныбек Жанызак 17-декабрда 69 жашында кайтыш болду.

Бул тууралуу Фейсбук баракчасында анын кызы Айпери Жанызакова билдирди.

Жаныбек Жанызак жаңычыл, иштерман, өзгөчөлүү журналист эле. 90 жылдардан кийин ал компьютер, интернет иштери менен алектенип, кыргыз тилиндеги көпчүлүк гезиттердин материалдарын “Кыргыз айылы” аттуу интернет-сайтка жайгаштырып, гезиттердин коомчулукка таралышына салым кошуп келди. Анда бир катар гезиттердин электрондук архивдери топтолгон.

Кийинчерээк ал “Жанызак басма” аталышындагы китеп басып чыгаруу иши менен алектенди.

Ал иштер чейин өзү мезгилдүү басма сөздө, “Асаба”, “Агым” гезиттеринде иштеди. “Каттама” аттуу эл катып окуган гезитти чыгарып, башкалар батынбаган темаларды козгоп келген.

Кесиптештерибиз социалдык тармактарда Жаныбек Жанызактын башкадарга окшошпогон ой — жүгүртүүсүн, алдыңкы тажрыйбага умтулган жа=ычылдыгын жана иштермандыгын сыпаттап жатышат.

“ПолитКлиника” медиасы Жаныбек Жанызактын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт:FRE/RL

1Win Türkiye, online casino oyunları için mükemmel bir seçenektir. Oyuncular, çeşitli oyunların yanı sıra, bonuslar ve ödüller arasından seçim yapabilecekleri çok sayıda özel teklifleri de elde edebilirler. Oyuncular, kayıt ve para yatırma işlemlerini kolayca yapabilecekleri güvenli ve güvenilir bir ortamda oynayabilecekler. 1win turkiye net, müşterilerine kaliteli bir hizmet sunmak için çalışmaktadır.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты