​“Улут абийири” жана “Улут үлгүсү” сыйлыктары ыйгарылды

  • 3 года мурун

“Улут абийири” жана “Улут үлгүсү” сыйлыктары 16-декабрда тапшырылды.

Салижан Жигитов атындагы “Улут үлгүсү” сыйлыгына Конституциялык укук боюнча юрист Сания Токтогазиева татыктуу деп табылды. Ал “Чындыктын тили менен сүйлөп, улуттун аң-сезимине тийгизген жарандык жигердүүлүгү үчүн” сыйланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Ишенбай Абдуразаков атындагы “Улут абийири” сыйлыгын алды. Сыйлык Наталья Никитенкого “Парламентте мыйзам тили менен сүйлөп, улутка руханий эш болуп келе жатканы үчүн” берилди.

Сыйлыктарды “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир 16-декабрда тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты