Казакстанды эгемендик күнү менен куттуктоо

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевди эгемендик күнү менен куттуктады.

«Сизди жана бир тууган Казакстан элин Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Көз карандысыздык алган жылдан тартып Казакстан Республикасы мамлекеттик курулуш, саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында эң чоң ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да мамлекеттин аброю бекемделүүдө.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген эки тараптуу мамиле биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да тынымсыз өнүгүп, тереңдей берет деп ишенем» деп айтылат куттуктоодо.

Бүгүн, 16-декабрь, Казакстан эгемендүүлүк күнүн майрамдап жатат. 1991-жылы Казакстан эгемендүүлүккө жетишкен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты