​COVID-19: Медицина кызматкерлеринин арасында жалпысынан 4049 учур катталды

  • 4 года мурун

16-декабрга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 241 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 73;
Ош — 13;
Чүй облусу – 55;
Ош облусу — 22;
Талас облусу — 6;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 38;
Жалал-Абад облусу – 19;
Баткен облусу – 12.

Коронавирустан 403 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 71 270 кишиге жетти.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 78 151 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 3 медкызматкер кызыл зонада жуктурган.

Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 12 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4049 учур катталды, алардын ичинен 3796 медкызматкер сакайды.
Өткөн суткада COVID- 19 дан 1 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1317ге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты