COVID-19: 86 киши өтө оор абалда

  • 4 года мурун

15-декабрга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 236 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 51;
Ош — 6;
Чүй облусу – 82;
Ош облусу — 9;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 47;
Жалал-Абад облусу – 24;
Баткен облусу — 6.

Коронавирустан 417 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 70 867 кишиге жетти.

Стационарда 1948 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:

24 киши (1,2%) — канааттандыраарлык абалда;
1322 (67,8%) — орто оор абалда;
516 (26,4%) — оор абалда;
86 (4,4%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 2904 бейтап.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 77910 кишиге жетти.

Өткөн суткада COVID- 19 дан 4 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1316га жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты