Дүйнө кубогунда Жоламан Шаршенбеков алтын медалды жеңип алды

  • 3 года мурун

Сербияда өтүп жаткан дүйнө кубогунда Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө кубогунун алтын медалын жеңип алды.

Чейрек финалда 60 килограммга чейин салмакта Шаршенбеков 2019-жылдагы Европа чемпиону жана дүйнөнүн вице-чемпиону молдовалык Виктор Чебану менен беттешти. Жарым финалда Түркиядан Ахмет Уярды 5:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Финалдык беттеште орусиялык Степан Марянян менен күч сынашып, 4:4 эсеби менен жеңишке жетти.

Кыргызстандын атынан тогуз балбан мелдешке чыкты. Руслан Царев коло медалга ээ болду.

Ал эми Калы Сулайманов (63 кг) коло байге үчүн, Үзүр Жусупбеков (97 кг) күмүш байге үчүн күч сынашмакчы.

Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде утуп,финалга чыкты.

Дүйнө кубогу 12-декабрда башталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты