Жоламан Шаршенбеков мамлекеттик стипендиядан ажыратылды. Спорт агенттиги буга жооп берди   


Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спортчуларга, анын ичинде Жоламан Шаршенбековго, мамлекеттик стипендия төлөө маселеси боюнча коомчулукта талкууланып жаткан суроолорго байланыштуу түшүндүрмө берди.

Буга чейин балбан Мээрим Жуманазарова Exclusive.kg подкастында дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков мамлекеттик стипендиядан ажыратылганын айткан.

-Жоламан Шаршенбеков Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларынын бири болуп саналат. Ал эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргоп, улуттук спорттун өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет. Анын жетишкендиктери бүткүл кыргыз эли үчүн сыймык болуп эсептелет.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик стипендия төлөө маселеси Министрлер кабинетинин 2020-жылдын 26-июнундагы №358 токтому менен бекитилген жобо аркылуу жөнгө салынат. Бул документте стипендияны дайындоонун шарттары, негиздери жана тартиби так аныкталган. Учурдагы эрежелерге ылайык, белгиленген критерийлерге толук жооп берген спортчуларга гана стипендия дайындалат. Ушул күчүндө турган жобо боюнча Жоламан Шаршенбеков учурдагы талаптарга жооп бербейт» деп айтылат билдирүүдө.

Бирок агенттик учурдагы мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатканын кошумчалады:

-Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү демилгелеген. Бул мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүп, учурда Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралууда. Атап айтканда, жогорку деңгээлдеги спортчулар үчүн төмөнкүдөй жаңы тартип сунушталууда:

-мамлекеттик стипендия улуттук курама командасынын курамында чыгып, Олимпиада оюндарынын 1–5 орундарын ээлеген спортчуларга берилет;

-стипендиянын мөөнөтү — бир олимпиадалык цикл (4 жыл);

-эсептөө спортчу тиешелүү жыйынтыкка жетишкен айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн башталат;

-эгерде спортчу кийин дагы жогорку жыйынтык көрсөтсө, мурдагы стипендия токтотулуп, жаңы, жогорку жетишкендиктин негизинде кайрадан 4 жылдык мөөнөткө жаңы стипендия дайындалат. Башкача айтканда, ар бир жаңы спорттук жетишкендик өзүнчө бааланып, спортчуга жаңыланган мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт, -деп айтылат билдирүүдө.

Париждеги Олимпиада оюндарында Жоламан Шаршенбеков коло медаль жеңип алды. Жоламан Шаршенбеков дүйнөнүн эки жолку чемпиону.

Сүрөттө: Жоламан Шаршенбеков. Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты