Тоң районунда сот 13 жашар кызды зордуктоого шектүүлөрдү коё берип жиберген

  • 3 года мурун

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун соту 11-декабрда 13 жаштагы окуучу кызды зордуктоого шектелген эки кишини актап жиберген, ал эми бирөөнө жазаны жеңилдетип салган.

Бул тууралуу “Настоящее время” каналынын журналисти Жибек Бегалиеванын сюжетинде (Видео).

Маалыматка караганд,а 13 жашар кызды үч киши жарым жыл бою зордуктап, видеого тартып, аны классташтарына көрсөтөбүз деп коркутуп келишкен.

“Мен эч убакта ойлонгон эмесмин, кызымдын тагдыры ушундай болуп, анын келечегин тепсеп салышат деп. Эч кандай акыйкаттык жок экен. Мен мыйзамдарга ишенбейм. Кызым өлүп калгысы келип жатканын айтууда. Кызым менен алдап-соолап апасы араң сүйлөшүп жатат. Шектүүнүн бирөөнү коё сот берип койгондон кийин, ал мени менен сүйлөшпөй калды,- деди кыздын атасы.

Тоң районунун судьясы Сабыр Соодонбеков шектүүлөр боюнча далилдер турса дагы, экөөнү актап, бирөөнө жазаны жеңилдетүү өкүмүн чыгарган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты