​УКМК Жалил Атамбаев уулун үйлөнтүп, миңдей мейман чакырды дегенди текшерүүдө

  • 3 года мурун

Пандемиядан улам көп кишинин чогулуусуна тыюу салынып жаткан кезде Ош шаарында ишкер Жалил Атамбаев уулун үйлөнтүп, 12-декабрда 1000 деген кишини ресторанга мейманга чакырып, той өткөрдү деп социалдык тармактарда тараган.

Анда тойго Жогорку Кеңеш дептаттары Алтынбек Сулайманов, Аида Касымалиева, Азамат Арапбаев, Искендер Матраимов жана башкалар барганы сүрөттөрдөн көрүнгөн.

Жалил Атамбаевдин уулу Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери экенин УКМКнын билдирүүсүндө айтылат.

“Массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан, Жалил Атамбаев миңге жакын мейман чакырып, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуп, коомчулуктун сынына кабылды. Ишкердин уулу Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери. Анын үйлөнүү тоюндагы иш-чракеттер боюнча кызматттык иликтөө башталды. Эгер айтылгандар далилденсе, чара көрүлөт, ал тургай кызматтан бошотконго чейин чара көрүлөт” деп билдирди УКМК.

Жалил Атамбаевдин салыктан качуусу боюнча финполиция 2019-жылы кылмыш ишин козгогон.

Жалил Атамбаев деген ким? Кененирээк бул иликтөөдө.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты