​Анвар Курмушиев: Конституциялык референдум бул саясий кадам деп эсептейм (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө Конституциялык референдум маселеси тууралуу сөз кылабыз. Биздин студияда — көз карандысыз юрист, жарандык активист Анвар Курмушиев.

Парламенттик башкаруу болгондо Президенттин күчү болбойт. Премьер-министрге көп мүмкүнчүлүктөр берилет, парламент көп маселелерди чечет. Анда Президент эл аралык уюмдар менен, чет мамлекет башчылары мененжолугуп, ар кандай ратификацияга кол коюу менен чектелет.

Көп өнүккөн мамлекеттерде парламенттик башкаруу бар. Парламенттик башкаруунун бир жакшы жери- бир гана адам чечпей, көп адам талкуу менен чечет. Маселени чечүүдө адилеттүүлүк пайда болот. Минус жагы- созулуп кетет.

Президенттик болгондо- бир адамдын колунда болуп калат бийлик.Анын администрациясынын, командасынын колунда болуп калат. Парламенттин күчүн азайтат. Жакшы жери- маселелер тез-тез чечилип, бир адам, администрациясы чечип,маселе тез арада чечилип калат.

Бирок минус жагы-талкуу жок болот. Бир адам жана анын командасы чечип калат.Бул демократия, сөз эркиндиги туу чокусуна жеткенде, адамдардын аң-сезими, демократия тууралуу түшүнүгү жеткенде, жогору өнүккөн мамлекеттерге жарашат.

Менин оюмча, бизге эң жакшысы- аралаш системасы, -деди ал.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

«Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты