Статком: Өлкөнүн ички дүң продуктусу 8 пайыздан ашуун төмөндөдү

  • 3 года мурун

2020-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 511миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 8,1 пайызга төмөндөдү.

Бул тууралуу улуттук статистика комитети маалымдады.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында ИДПнын көлөмү 452 миллиард сомду түзүп, 8,6 пайызга азайды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-ноябрында 290 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 5,5 пайызга төмөндөдү.

Буга күйүүчү майдын көлөмүнүн кыскарышы себеп болду (56,8 пайыз), текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (20,6 пайыз), резина жана пластмассадан жасалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар (8,4 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (4,6 пайыз), азык-түлүк өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (4,3 пайыз), темир жана темирден жасалган буюмдар, буга машина менен жабдуулар кирбейт (2,6 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (22,0 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү — 16 пайызга жакын кыскарды,дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 15,6 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 0,9 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-ноябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 7,2 пайызга өстү. Мында тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар (13,2 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (6,2 пайызга), калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери –2,2 пайызга өскөнү байкалды. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 1,2 пайызга жогорулады.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январь-октябрында 4,7 млрд АКШ долларын түздү ашты жана 2019-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 18,1 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 4,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 26,9 пайызга кыскарды.

2020-жылдын январь-октябрында республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2 млрд АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 13,7 пайызга азайган.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр – 12,8 пайызга, импорттук келип түшүүлөр — 26,9 пайызга төмөндөдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты