7 айдын жыйынтыгы: ИДП көлөмү 1 триллион 172,7 миллиард сомду түздү

2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктусунун көлөмү 1 триллион 172,7 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 11,1% болду.

Бул тууралуу 2026-жылдын январь–июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялаган Министрлер кабинетинин кеңешмесинде айтылды.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Ички дүң продуктунун көлөмү 1 триллион 172,7 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 11,1% болду.

Экономикалык өсүшкө бардык негизги тармактар салым кошту:

Курулуш тармагы эң чоң өсүштү көрсөттү – 60,6%, кызмат көрсөтүү чөйрөсү – 6,1% га өстү, айыл чарбасы – 6,0% га өстү. Жалпысынан өнөр жай тармагындагы өсүү 11,2% түздү.

Тармактар боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды: Химиялык продукцияны өндүрүү – 2,9 эсеге көбөйдү, тазартылган мунайзаттарды өндүрүү – 1,8 эсеге өстү,
транспорт каражаттарын чыгаруу – 41,8%, курулуш материалдарын чыгаруу – 33,6%, кен казып алуунун көлөмү – 16,9%, фармацевтикалык продукцияны өндүрүү – 13,0%, негизги металлдар көрчөткүчү – 8,5%, азык-түлүк өндүрүү – 2,4%.

Министрлер Кабинетинин башчысы мындай экономикалык динамиканы абдан жогору жана позитивдүү деп атады.

Ал 2026-жылдын башынан тартып республикада негизги капиталга салынган инвестициялардын рекорддук өсүү темпи катталганын кошумчалады. Алардын жалпы көлөмү 238,3 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58,8% га өстү. Негизги капиталга салынган инвестициялардын өсүшү ички булактардын 1,4 эсеге, сырткы булактардын 3,1 эсеге көбөйүшүн эсебинен камсыз болду.

Баштапкы маалыматтар боюнча, 2025-жылы чакан жана орто ишкана субъекттери тарабынан өндүрүлгөн жалпы кошумча нарктын көлөмү 54,5% га өсүп, 1 триллион 15 млрд сомду түздү.

«Чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% га өсүп, 27,3 миңди түздү. Андагы ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% га көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти» деп баса белгиледи Касымалиев.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты