Касымалиев: 2025-жылы ИДП киши башына 2800 долларга жетери күтүлүүдө
- 2 месяца мурун
2024-жылдын акырына карата ИДП киши башына 2513 долларды түздү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 86% га өстү. Бул көрсөткүч 2025-жылы дагы өсүп, 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.
“2024-жылы негизги капиталга инвестиция 283,2 млрд сомго жетип, 18,1%га өскөн” деп белгиледи МинКаб төрагасы.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




