COVID-19: 600 киши оор абалда

  • 4 года мурун

10-декабрга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 379 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 120;
Ош — 8;
Чүй облусу – 98;
Ош облусу — 11;
Талас облусу — 10;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу – 81;
Жалал-Абад облусу – 29;
Баткен облусу — 15.

Стационарда – 2305 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:

30 адам (1,3%) — канааттандыраарлык абалда;
1585 (68,7%) — орто оордукта;
600 (26%) — оор абалда;
90 (3,9%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 3041 бейтап.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 76391 кишиге жетти.

Коронавирустан 527 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 68894 кишиге жетти.

3 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны1305 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты