​Жогорку Кеңеш алдында каршылык акциясы өттү

Бүгүн, 10-декабрда, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жарандык коомчулуктун аттуу каршылык акциясы өттү.

Анда “Уят коридору” дегене аталышта катар тизилип, коридор уюштурушту. Алар референдумду дайындоо тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алган Жогорку Кеңештин уят болбой, таркап кетишин талап кылып, “Уят! Уят!” деп кыйкырып турушту.

Кечээ, 9-декабрда, парламент “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечисм – депутат Акылбек Жапаров.

Төрт депутат каршы добуш берди: Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Дастан Бекешев.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»/ АлтынайНурланова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты