​Жогорку сот Мусакеевдин иши боюнча райондук сот өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароого жиберди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 9-декабрда, Жогорку сот улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин иши боюнча райондук соттун өкүмүн жокко чыгарды. Иш кайра кароо үчүн Бишкек шаарынын Свердлов районуна жөнөтүлдү.

2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Дамир Мусакеевдин соту болуп, аны беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды. Ошондой эле 70 миң сом айп салынган.

Дамир Мусакеевге Кылмыш-Жаза кодексинин 323-беренеси, мыйзамсыз баюу жана 320-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылган

Дамир Мусакеев Чүй облусунун Молдавановка айылындагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты