​Момбеков: “Басым менен бачым кабыл алынган мыйзам мойнунан байлаган итке окшош” (Видео)

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-декабрда, референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Депутат Рыскелди Момбеков Баш мыйзам алмашкандан элдин жашоосу жакшырбай, бай-манаптардын жашоосу өзгөрө турганына токтолду.

-Бул мыйзамдын автору ким экенин жакшы билебиз да. Бирөөнүн таштап кеткен аялын боётуп-соётуп “бул менин аялым” десе эл ишенеби? Эч ким ишенбейт. Бул корутундусун эми берип жатат. Басым менен бачым кабыл алынган мыйзам мойнунан байлаган итке окшош да. Эми биз бардык мыйзамды буздук.

Какшып калган кадырыбызды кайтыш кылып кабырга салып жатпайбызбы! Банкрот болгон баркыбызды балталап жокко чыгарып жатпайбызбы! Элге парламенттик же президенттиктин кереги жок, Баш мыйзам алмашкандан элдин жашоо-турмушу алмашпай, бай-манаптардын эле жашоосу алмашат, байкуштардын жашоосу алмашпайт. Эл Баш мыйзам алмашкандан эки сом да пайда көрбөйт.

Венециялык комиссия азыркы 6-чакырылышns “мөөнөтүңөр да жок, дөөлөтүңөр да жок”, никтосуңар” деди. Эмнеге Венеция комиссиясынын корутундусун эске албайбыз?

Ээси жок, мээси жок Конституцияны жазып алып отурбайбызбы!, -деди депутат Рыскелди Момбеков.

Бүгүн, 9-декабрда, Жогорку Кеңеште“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Аны 63 депутат колдоду. Төрт депутат- Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова, Дастан Бекешев каршы добуш берди.

Сүрөт: Бүгүнкү жыйында. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты