Кыргызстан менен Өзбекстан 50 млн доллар капиталы менен инвестфонд түзүүнү макулдашты

  • 3 года мурун

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын премьерминистринин орун басары — Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен коңшу өлкөнүн Фергана шаарында жолукту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын бардык спектрин талкуулашты.

Анда 25-декабрга чейин биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чараларын, багыттарын жана шарттарын аныктоо менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин комплексин кароо чечими кабыл алынды.

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча жол картасына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишти.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары менен 7-декабрда барган. Аймактарда бир катар объектилердин иши менен таанышып, алардын айрымдарын ачууга катышып, андан ары Өзбекстанга жөнөп кеткен.

Новиков 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында эки тараптын чек арага жакын жайгашкан аймактардын жетекчилеринин үчүнчү жыйынына катышты.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты