​Өмүрбек Текебаев: Мындай мыйзам өкмөт акча таап жана алар даяр болгондо каралышы керек

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-декабрда, референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Депутат Өмүрбек Текебаев мындай мыйзам өкмөт акча таап, алар даяр болгондо гана каралышы керек деп билдирди.

Өмүрбек Текебаев парламент жыйынында мындай деп сүйлөдү:

-Мындай мыйзам өкмөт акча таап, алар даяр болгондо гана каралышы керек. Биз эмне, федерация же конфедерация болуп кеткен атабызбы? Башкаруу менен башкаруу формасынын айырмасы бар. Президенттик же парламенттик деген башкаруу формасы жок. Парламенттик, президенттик деген мамлекеттин түрлөрү. Мамлекеттик башкаруу республика же монархия болот

Баарына каршы деген позиция болуш керек, бүгүн андай жок. Бул — адамдардын конституциялык укугуна каршы келет
Кеп — парламенттик же президенттик башкарууда эмес. Кеп – мыйзамда, кабыл алынбаган мыйзамдарды аткарабыз. Мыйзамда көрсөтүлбөгөн менен ниетке жараша болот. Эл кандай системаны тандайт деп өткөргөн жатабыз. Элдин арасында 93-жылкы Конституцияга келели деген топ бар. 93-жылкы Конституцияда аралаш система болгон.
Курултай институту бүгүнкү Конституцияга батпайт. Анын фольклордук костюмун чечип койсок, советтик башкаруу эле болот. Алды жагымда Зулпукаров отурат, 2009-жылы Коопсуздук Кеңешине катышканбыз. Кээ бир региондо 20 пайыз шариаттык башкарууну каалаган. Анда элди не укпайсынар? Жашыруун маалыматтар булар. Элге алып чыкпай турган маселелер болот. Аталышынан баштап аягына чейин башаламан мыйзам долбоору. Ойлонуп иш кылалы. Жогору жактагыларга айтып койгула, алар мурункулардан да сабатсыз, — деди Өмүрбек Текебаев.

Бүгүн, 9-декабрда, Жогорку Кеңеште“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Аны 63 депутат колдоду. Төрт депутат- Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова, Дастан Бекешев каршы добуш берди.

Сүрөт: Бүгүнкү жыйында. «ПолитКлиника»/Алтынай Нурланова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты