Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймак башчыларынын жыйыны өтүүдө

  • 3 года мурун

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарындагы иш сапарынын жүрүшүндө 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасындагы аймактардын жетекчилеринин жыйынына катышууда.

Жыйын Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Өзбекстандын акимдеринин деңгээлинде өтүп жатат.

Новиков Ош жана Баткен облустарындагы өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулушун көрөт.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышып чыгары да айтылды.

Новиков 5-декабрда Нарын облусуна барып, кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекетинин ишин көрүп кайткан.

Ушу тушта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз тактала элек чек ара тилкеси бар. Тараптар чек араларды тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени менен чек ара тилкелери толук такталып бүтө элек. Такталбаган чек ара аймактарында эки өлкө жарандарынын араздашуусу маал-маалы менен катталып турат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты