​Исфана шаарынын аэропортуна Исхак Раззаковдун ысмы ыйгарылды

  • 3 года мурун

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков иш-чаранын катышуучуларын маанилүү инфраструктуралык объекттин ачылышы менен куттуктады.

«Мындай аэропорттордун ишинин жанданышы менен биздин өлкөнүн аба майданы бардык өлкөлөр үчүн ачык экендигин айтууга болот. Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөдөн колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Республиканын авиакаттамдарынын географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учуулар ишке ашырылууда» деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Андан соң Артем Новиков Исфана шаарында тургузулган Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, ошондой эле биздин доордун көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмеринин музейине барды.

«Исфана» аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы тарабынан «Исфана» аэродромун сертификациялоонун алкагында аэродромдун сертификациялык талаптарга шайкештигин текшерген.

Комиссия тарабынан аэродромду текшерүү учурунда кемчиликтер аныкталып, аэродромдун пайдаланууга жарактулугу боюнча сертификаты жокко чыгарылган.

2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек — Исфана — Бишкек каттамындагы үзгүлтүксүз каттамдар аэродромдун пайдалануу сертификатынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.

«Исфана» аэропортунун аэродромунун жасалма төшөлмө элементтерин реконструкцияло» долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштер жүргүзүлдү.

Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.

Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы аянты 553 кв.м. болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар – каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты