​COVID-19: 65 жаштан жогору курактагылар көп чалдыгууда

  • 4 года мурун

8-декабрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 295 учуру катталды. 65 жаштан жогору адамдар арасында көп катталууда, башкача айтканда 100 миң калкка 1560 учур.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 68;

Ош — 10;

Чүй облусу – 87;

Ош облусу — 13;

Талас облусу — 8;

Нарын облусу — 4;

Ысык-Көл облусу –56;

Жалал-Абад облусу – 34;

Баткен облусу — 15.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 295.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 75690 кишиге жетти.

Коронавирустан 473икиши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 67 873 кишиге жетти.

4 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1301 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул дарт 65 жаштан жогору адамдар арасында көп катталууда, башкача айтканда 100 миң калкка 1560 учур.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты